Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:17

«Сухой Супержет-100» учактарынын каттамдары кайра токтотулду


Орусиянын «Аэрофлот» компаниясы «Сухой Супержет-100» учактары аткарган ондогон каттамдарды токтотту. Алгач 9-майда, анан 10-май күнү да каттам жүргөн жок.

Компания 5-майда 41 адамдын өлүмүнө себеп болгон авиакырсыктан кийин ушундай чечим кабыл алууда. Бирок каттамдар кырсыкка байланыштуу токтотулуп жатабы же башка себеби барбы, маалымдалган жок.

«Сухой Супержет-100» – эгемен Орусияда жасалган алгачкы жүргүнчү учагы. 5-майда ушул үлгүдөгү учак Шереметьево аэропортуна авариялык конуу учурунда өрттөнүп, 41 кишинин өмүрү кыйылган. Жергиликтүү маалымат каражаттары кырсыкка учкучтардын катасы себепкер болушу мүмкүн экенин жазышты. Кырсыктын себебин иликтөө учурунда «Супержетти» колдонуудан чыгаруудан бийлик баш тарткан.

XS
SM
MD
LG