Кыргызстанда диний билим берүүнү жөнгө салууну көздөгөн жобону апрелдин соңунан бери адистер талкуулап жатышат. Эгер өкмөт жобону бекитсе, анын бир пунктуна ылайык өлкө аймагында диний билим берген медресе жана башка окуу жайларында дүйнөбий илимдер – география, тарых, математика ж.б. сабактар милдеттүү түрдө окутула баштайт.
Бирок мугалимдер кантип тандалары жободо жазылган эмес. Конституцияда дин мамлекеттен ажыратылгандыктан, Билим берүү жана илим министрлиги диний окуу жайларынын окутуу программасына кийлигишпейт. Медреселердеги сабактар муфтияттын көзөмөлүндө.
Жобону Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия иштеп чыккан. Мекеменин өкүлү Замирбек Турсунбековдун айтымында, учурда 117 медресенин он чактысы өз ыктыяры менен дүйнөбий сабактарды окуу программасына киргизген. Ал үчүн медресе жетекчилиги мугалимдер менен жеке келишим түзүп, иштешет.
Замирбек Турсунбеков менен маекти бул жерден угуңуз:
Соңку жылдары Дин комиссиясынын сунушу менен бардык медреселерде кошумча кесипке үйрөткөн сабактар окутула баштаган. (SE)