Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:23

Жалал-Абаддагы сотсуз жазалоону милиция териштирип жатат


Жалал-Абад шаарынын кире бериши.
Жалал-Абад шаарынын кире бериши.

Жалал-Абад шаарында жаш уланды жылаңач абалда көчөдө басууга мажбурлаган эки кишинин жоругун милиция териштирип жатат. Сотсуз жазалоого кабылган жигит тартылган видео Интернетке өткөн жуманын соңунда тараган. Тасмадагы сүйлөшүүлөргө караганда, алардын ортосунда акчага байланыштуу талаш чыккан.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нурдин Жээнтаев окуя Жалал-Абадда болгонун «Азаттыкка» ырастады:

- Бизге эч ким арыз жазган жок. Милиция факт боюнча «Ээнбаштык» беренеси менен териштирүүнү баштап, окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Бирок видео качан тартылганы азыр так эмес. Жээнтаев видеодогу кишилердин тек-жайы тактала элек экенин кошумчалады. (SE)

XS
SM
MD
LG