Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:59

Доренко менен коштошуу зыйнаты башка күнгө жылдырылды


Сергей Доренконун сүрөтүнүн алдына коюлган гүлдөр. 10-май, 2019-жыл.
Сергей Доренконун сүрөтүнүн алдына коюлган гүлдөр. 10-май, 2019-жыл.

Москвада 9-майда көз жумган журналист Сергей Доренкону акыркы сапарга узатуу зыйнаты 12-майда болбой калды. Полиция кошумча экспертизалар жүргүзүү зарыл экенин билдирип, маркумдун денесин көмүүгө уруксат бербегенин «Говорит Москва» радиосу кабарлады. Доренко аталган радиодо башкы редактор болчу.

Коштошуу зыйнаты Москвадагы Троекуровск мүрзөсүндө болмок. Күн мурда өлүкканага милициядан билдирүү келип, кошумча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү зарыл экендиги эскертилген.

«Говорит Москва» радиосунун маалыматына караганда, мындай чечим маркумдун кыздарынын арызынын негизинде кабыл алынган. Алар атасы ууландырылган болушу ыктымал деп шекшип жатышат.

Сергей Доренко 59 жаш курагында Москванын борборунда жол кырсыгынан кийин каза болду. Баштапкы маалыматтарга ылайык, Доренко шаардын борборунда мотоцикл айдап баратып эсин жоготкон. Журналисттин жүрөгү кармап калганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG