Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Каржы тармагында иштегендердин орточо айлыгы 36,5 миң сомду түздү

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда каржы тармагында иштегендердин орточо айлык акысы 36,5 миң сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 5 пайызга жакын өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 10-майдагы маалыматында айтылат. 

Мамлекетте ушул тапта 25 коммерциялык банк иштейт. 2018-жылы алардын кирешеси 27 миллиард сомду, чыгымы 24 миллиард сомду түздү. Пайданын көлөмү бир жылда 38 пайызга өскөн. 25 банктын үчөө 0,5 пайыз зыянга учураган. 

Банктардагы насыя портфели 2018-жылдын соңунда 127,9 миллиард сомго барабар болгон. 

1993-жылы Кыргызстанда улуттук валюта - сом жүгүртүүгө чыгарылган. Бул дата Банк кызматкерлеринин күнү катары да белгиленет. 

Аймактарда банктардын 336 филиалы бар. Кызматкерлердин жалпы саны 16 миңге жакын. Кардарлар 3,5 миллионго жетти. 

XS
SM
MD
LG