Таласта 31-январдан бери изделип жаткан кенчи Рамис Төтөновдун сөөгү 11-майда табылды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдиргендей, аны жергиликтүү тургун жайлоодо бадалдардын арасынан көрүп калган.
- Баштапкы кароо жүргүзүү учурунда ага зордук-зомбулук колдонулганы байкалган жок. Бир туугандары аны таанып, сөөктү алып кетишти, - деди ал.
Рамис Төтөновдун дайынсыз жоголгонуна байланыштуу, быйыл 14-мартта Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылынын элүүгө жакын тургуну (маркумдун айылдаштары) Шыралжын кенин жабууну талап кылып чыгышкан. Кен казган компания өкүлдөрү да жарандын жоголушуна тынчсыздануусун билдиришкен.
Рамис Төтөнов Биринчи Май айылынан 37 чакырым алыстыкта жайгашкан Шыралжын кенинде 2,5 жылдан бери бригадир болуп иштеп келаткан. Эки баланын атасы 31-январда жумушка кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. (SE)