Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:35

Түрк бийлигин сындаган журналист сабалды


Журналист Явуз Селим Демираг ток-шоуга катышып, үйүнө келатканда аны 5-6 киши ур-токмокко алып, качып кеткен. «Yenicag» гезитинин баяндамачысы Демираг Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын бийлигин сындаган макалалары менен белгилүү.

Демираг оппозициячыл Элдик-республикалык партияны колдойт. Бул партиянын талапкери Экрем Имамоглу 31-мартта Стамбулдун мэри болуп шайланган болчу. Бирок Түркиядагы Жогорку шайлоо комиссиясы Стамбулдун мэрин шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу журналистке кол салууну айыптады.

- Өз пикирин айтып же бирөөнү сындаганы үчүн эле журналистти сабай берсе болобу? Түркия кайда баратат?! - деди ал.

Соңку маалыматтарга караганда, журналистти абалы дурус.

 

XS
SM
MD
LG