Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:50

Таласта кен кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат


Таластын Бакай-Ата районундагы Шыралжын кенинде бригадир болуп иштеген Рамис Төтөновдун өлүмү иликтенип жатат. Быйыл 31-январда ишке кеткен бойдон дайыны чыкпай калган Төтөновдун сөөгүн 11-майда жергиликтүү тургун жайлоодо мал издеп жүрүп, бадалдардын арасынан тапкан.

Облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Динара Сарногоева сөөктү жакындары таанып алып кетишкенин, иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Рамис Төтөновдун дайынсыз жоголгонуна байланыштуу, 14-мартта Бакай-Ата районундагы Биринчи Май айылынын элүүгө жакын тургуну (маркумдун айылдаштары) Шыралжын кенин жабууну талап кылып чыгышкан. Кен казган компания өкүлдөрү да жарандын жоголушуна тынчсыздануусун билдиришкен. (SE)

XS
SM
MD
LG