Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Литвада президенттик шайлоонун экинчи айлампасы болот


Литвадагы шайлоо.
Литвадагы шайлоо.

Литвада 12-май күнкү президенттик шайлоодо бир да талапкер 50 пайыздан ашуун добуш топтой алган жок. Шайлоого жарандардын 56% катышты. Эми шайлоонун экинчи айлампасы 26-майда өтөт. Ошол эле күнү өлкөдө Европа парламентине депутаттар да шайланат.

Президенттик кызмат үчүн тогуз талапкер ат салышууда. НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болгон бул өлкөнү он жыл бою Даля Грибаускайте башкарып келди. Мыйзамга ылайык, ал үчүнчү ирет талапкер боло албайт.

Коомдук сурамжылоонун жыйынтыктарына ылайык, шайлоочулар үч талапкерди көбүрөөк колдоп жатышат. Алар: мурдагы финансы министри Ингрида Шимоните, премьер-министр Саулюс Сквернялис жана мурдагы экономист Гитанас Наусед.

Бул ирет шайлоо жарандардын экономиканын абалына жана коррупцияга нааразылыгы күчөгөн учурга туш келди.

Литвада президент тышкы саясат үчүн жооп берет жана өлкөнүн атынан Евробиримдиктин саммиттерине катышат. Ошондой эле министрлерди, сотторду, аскер кол башчыларын жана Борбордук банктын башчысын дайындайт.

XS
SM
MD
LG