«Тажикфильм» дирекциясы «YouТube» хостингине кат жөнөтүп, расмий уруксат берилмейинче тажик видеоблогерлеринин тасмаларын жарыялабоону суранды.
«Тажикфильмдин» жетекчиси Носир Рахмондун айтымында, өлкө мыйзамдарына ылайык, аудио-видеоматериалдарды, анын ичинде роликтерди жарыялаш үчүн авторлор дирекциядан уруксат алышы керек. Рахмон видеоблогерлердин ишине каршы эмес экенин, бирок алардын Интернетке жүктөп жаткан материалдарынын маңызы тынчсыздандырарын билдирди.
Ал эми өлкөнүн Салык комитети «YouТube» хостингине видео жайгаштырып, акча тапкан блогерлер мамлекетке салык төлөшү керек деп эсептейт. Тажик мыйзамдары боюнча жарандардын өлкө ичиндеги жана тышындагы бардык кирешелеринен салык алынат.