«Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» Жалал-Абад облустук ооруканасына эс-учун жоготкон, оор абалда жеткирилген наристени сабагандарды жазалоону талап кылууда. Бул тууралуу аталган уюм «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.
«Наристе ден соолугуна кесепети тийе турган жараат алганына карабай, аны сабаган үй-бүлө мүчөлөрү жоопкерчиликке тартылган жок. Укук коргоо органдары бул фактыны балага зомбулук көрсөтүү катары эмес, кокустук, кырсык катары каттады. «Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы» балага зомбулук көрсөткөн тараптын жоопко тартылышына аракет кылат», - деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.
7-май күнү кечинде «Тез жардам» кызматы Сузак районунун Жалгыз-Жаңгак айылынан алып келген эки жашар кыз оор абалда облустук клиникалык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Сузак райондук милициясы бул ишти жабыркаган кыздын жакындарынын көрсөтмөсү боюнча кокустук фактысы катары реестрге каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган.
Кыздын апасы күйөөсү менен ажырашып, кичинекей эки кызын өгөй энеси менен атасынын кароосуна калтырып, Москвага иштегени кеткени айтылган. Бул окуяны Акыйкатчы институту да өз көзөмөлүнө алган. (КЕ)