«Шайлоо-2020: кооптуу жагдайлар» деген аталыш менен шайлоо мыйзамдарынын кемчиликтерин талкуулаган жыйында партиялар үчүн коюлган тогуз пайыздык бөгөт талашка түштү. Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров бул көрсөткүчтү жети пайыз же андан да ылдый кылыш керек деген пикирин билдирди:
- Тогуз пайыздык бөгөт абдан оор. Биз аны тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүүнү сунуш кылып жатабыз. Түркияда гана 10 пайыздык бөгөт бар. Калган Европа өлкөлөрүндө ал 5, 3, 2 пайыздан башталат. Парламенттин табияты ошондой - канча көп партия келсе, ошончолук жакшы. Талкуунун баары көчөдө эмес, ошол жерде өтүшү керек.
Бишкекте өтүп жаткан тегерек үстөлгө саясатчылар жана коомдук ишмерлер, жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда.
Буга чейин депутат Исхак Масалиев президенттин жумушчу тобу алып келген шайлоо жөнүндө мыйзамга олуттуу өзгөрүү кирбегенин айткан. Ал эл өкүлү Жанарбек Акаев менен чогуу иштеп чыккан мыйзам долбоорлору май айында комитетке чыгарын билдирген. (КЕ/KR)