Бишкек милициясынын маалыматына караганда, А.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 6-майга караган түнү саат 1:45терде белгисиз жарандар үйүнө кирип, 60 миң долларын жана алтын буюмдарын тоноп кеткенин билдирген. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, Жазык кодексинин 202-беренесинин («Тоноо») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.
Кылмыш катталган Октябрь райондук милициясынын өкүлдөрүнөн турган ыкчам издөө тобу түзүлүп, кылмышка шектүүлөр изделүүдө.
Маалымат каражаттары жабыркаган тарап белгилүү ырчы Мирбек Атабековдун апасы экенин жазышты. Ырчы өзү бул маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
Ырчы «Инстаграммдагы» баракчасына окуя тууралуу комментарий берип, уурулар чындыгында анан апасынын үйүнө киргенин жазган. «Чындыгында 5-майдан 6сына караган түнү апам менен карындашым жана анын балдары жашаган үйгө куралчан ууралар кирген. Жакындарымды байлап, тапанча такап коркутуу-үркүтүү менен үйдөгү бардык акчаны жана баалуу буюмдарды алып кетишкен. Баары психологиялык жана физикалык жактан жабыр тартып турушат», - деп жазган Мирбек Атабеков. (КЕ)