Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:01

Сауд Арабиясы: чабуулга кабылган кемелердин арасында эки мунай танкери болгон


Сауд Арабиясы Бириккен Араб Эмираттарынын жээгинде чабуулга кабылган кемелердин арасында эки мунай танкери болгонун билдирди.

Сауд Арабиясынын энергетика министри Халид ал-Фалихтин айтымында, бир танкер АКШга жөнөтүлчү мунайды ташып бараткан. «Жардыруудан жапа чеккендер жок, кара май деңизге куюлган жок, бирок танкерлерге чоң зыян келтирилди», - деп кошумчалады министр.

Жардыруучу түзмөктөр кемелердин өзүнө коюлганы же алар сырттан чабуулга туш болгону белгисиз. Ал кемелер кайсы мамлекеттерге таандык экени да айтыла элек. Эмираттардын тышкы иштер министри төрт коммерциялык кеме «саботажга туш болгонун» буга чейин билдирген. Окуя иликтенип жатат.

Сауд Арабиясы жардырууларды дүйнөлүк мунай рыногунун туруктуулугун бузууну көздөгөн диверсия деп атады. Бул жолу Эр-Рияд кимден шектенип жатканын ачык билдирбегени менен буга чейин Иранды мунай рыногундагы позициясына «көлөкө түшүрүүгө аракет кылууда» деп айыптап келген.

Фужейра мунай ташуучу ири жол – Перс булуңунун башындагы Ормуз кысыгынын түштүгүндө жайгашкан.

XS
SM
MD
LG