Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:49

ИМ тобунун Борбор Азиядагы таасири Бишкекте талкууланат

Сириядагы согуштун кесепети.
Сириядагы согуштун кесепети.

Жакындары Сириядагы диний-экстремисттик топторго кошулуп кеткен кыргыз жарандары Бишкекте коомчулук менен ой бөлүшөт.

14-майда «AkiPress» агенттигинде бир канча коомдук бирикмелердин адистеринин жана туугандары Сирияга кетип калган кишилердин катышуусунда жыйын болот. Анда «Ислам мамлекети» террордук тобунун Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизген таасири, кесепети талкууланат. Сирияга кетип калгандарды Кыргызстанга кайтарып келүү маселеси, алар келгенден кийинки тагдырынын чоо-жайы да талкуунун өзөгүн түзөт.

Кыргызстан Сириядагы жана Ирактагы жоочуларга кошулуп кеткен жарандарын артка кайтаруу жаатында азырынча коңшу мамлекеттер сыяктуу аракеттерди көрө элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сириянын согуш жүргөн аймактарына 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн көбү курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. (SE)

XS
SM
MD
LG