АКШнын президенти Дональд Трамп Жапонияда өтө турган «Чоң жыйырма» (G20) саммитинде Кытайдын төрагасы Си Цзинпин жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугууга ниеттенип жатканын билдирди. Бул тууралуу «Reuters» агенттиги жазды.
Трамптын айтымында, өткөн жумада АКШ менен Кытайдын ортосунда макулдашууга кол коюу аракети ишке ашпай калгандан кийин анын Си Цзинпин менен жолугушуусу натыйжалуу болушу мүмкүн. Ал Путин менен жолугушуусунан кандай жыйынтыктарды күтүп жатканы тууралуу эч нерсе айткан жок.
«Чоң жыйырманын» саммити 28-29-июнда Жапониянын Осака шаарында өтөт.
Буга чейинки саммит Аргентинанын борбору Буэнос-Айресте былтыр 30-ноябрда жана 1-декабрда болгон. Анда Трамп менен Путин жолугары айтылганы менен эки лидер кезиккен эмес. Буга Азов деңизине бараткан 24 украин деңиз аскерин Орусиянын күчтөрү кармап алганы себеп болгон. Украин аскерлери дагы эле Орусияда камакта отурушат.