Сириядагы диний-экстремисттик топторго кошулуп кеткен айрым кыргызстандыктар ушул өлкөдө жүргөн жакындарын, неберелерин кайтарганга жардам берүүнү өтүнүп, президент Сооронбай Жээнбеков баш болгон өлкө жетекчилерине кайрылышты.
Бүгүн, 14-майда Бишкекте айрым ата-энелер басма сөз жыйынын өткөрүп, Сирияга кеткендерге мунапыс берип, психологиялык, социалдык реабилитация жүргүзүү зарыл экенин белгилешти.
- Эгиз кызымдын бирөө кеткен. Ал Түркияда 2014-жылдан бери иштеп жаткан. Кийин Сирияга барганын билдик. Адегенде аны жашырып жүрдү. Кызымды алып келгенге жардам бергиле. Баласы азыр 4-класста окуп жатат. Ал мектепке бара электе кеткен, - деди энелердин бири Нуржан Дөөлөтжанова.
2018-жылы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин ачып, 111 кишиге айып коюлган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, айыпталгандардын дээрлик 90 пайызы түштүк аймагынан.
Кыргызстан Сириядагы жана Ирактагы жоочуларга кошулуп кеткен жарандарын артка кайтаруу жаатында азырынча коңшу мамлекеттердей аракет көрө элек.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, Сириянын согуш жүргөн аймактарына 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн көбү курман болгон. «Ислам мамлекети» тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт. (КЕ/AiA)