Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:32

Пакистанда мечиттин жанында колго жасалган бомба жарылды


Жарадарларды алып чыгуу учуру. Кветта, 13-май, 2019-жыл.

13-майда кечинде Пакистандын Кветта шаарында колго жасалган бомба мечиттин жанында жарылып, төрт полициякызматкери мүрт кетти. Дагы 11 киши жарадар болду. Бул - орозо башталгандан бери тартип коргоочуларга экинчи жолу кол салуу.

Расмий маалыматка караганда, мотоциклге жармаштырылган жардыруучу түзмөк полициянын машинеси өтүп бараткан учурда ишке келтирилген. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө пакистандык талибдер алышты.

Бир нече күн мурда жоочулар Лахордо да полиция кызматкерлерин бутага алып, 10 адамдын өмүрү кыйылган.

Орозо айы башталгандан бери Пакистанда коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

XS
SM
MD
LG