Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Кумаркана жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кумар оюндарын уюштурууга тыюу салган мыйзам кайрадан иштелип чыгып, өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Азаттыктын» «Арай көз чарай» талкуусунда билдирди. Эл өкүлү кумарканалардын ишин тыйган мыйзам иштебей жатат деп эсептейт.

- Артка жол жок, - деди ал. - Кумар оюндарын мыйзамдаштыруу болбойт. Мыйзам иштебей жатканы чын. Бирок мыйзам кабыл алынгандан бери кумар оюндарынан жапа чеккендер азайды деп айта алам. Кумар оюндарын калкалаган органдардын миңдеген шылтоосу ишти артка тартып жатат. Биз, депутаттар да виртуалдык, Интернет аркылуу ойнолчу оюндарды кошуп туруп бул мыйзамды кайрадан иштеп чыгышыбыз керек экен.

Кыргызстанда 2011-жылы кумар оюндарын уюштурууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ага байланыштуу казинолор, оюн автоматтары жана башка кумар оюндарын уюштурган жайлар расмий түрдө жабылган. Ага карабай кумар оюндары Интернет аркылуу ойнолуп жатканын Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, укук коргоочулар айтып жүрүшөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG