Бишкек шаардык сотунун төрайымы Ирина Воронцованын мөөнүтү бүткөнүнө байланыштуу анын ордуна судья Азамат Алыбаев шайланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, төраганын орун басарлары да алмашып, кылмыш иштери боюнча орун басарлыкка Талантбек Аккозуев, жарандык иштер боюнча Гүлмира Садыкова, экономикалык иштер боюнча Болотбек Сатыбалдиев бекиди.
Шаардык соттун төрагасы үч жылдык мөөнөт менен шайланат.
Буга чейин жарандык коом өкүлдөрү Ирина Воронцованы мөөнөтүнөн мурда кызматын тапшырып берүүгө чакырышкан. Кайрылуу ээлери «Воронцова бийликтин камчысын чаап, буйругун аткарган сот катары өзүн көрсөттү, мындан ары сотто иштөөгө моралдык укугу жок» деп белгилешкен. (КЕ)