Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайда (ИВС) кылмышка шектүү катары кармалып турган эки жаран нааразылык иретинде желим кашык менен өз денесин кесип салышкан.
Бул маалыматты «Азаттыкка» Чүй милициясынын басма сөз кызматы ырастады. Окуя 14-майда саат 10:00 чамасында катталган. Маалыматка караганда, нааразылык билдиргендер тоноо жана мыйзамсыз баңгизат сактоо боюнча шектүү катары кармалган.
Аларга амбулатордук түрдө медициналык жардам көрсөтүлдү. Факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. (КЕ)