Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:17

Момбеков: Кадыркулов, Шаикова менен жолуккан компания өкүлдөрүн Жээнбеков да кабыл алган


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов, Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова менен чет өлкөлүк компания өкүлдөрүнүн расмий эмес жолугушуусу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Азаттыкка» комментарий берди. Момбековдун айтымында, швейцариялык «КБА НотаСис С.А.» компаниясынын өкүлдөрү менен өзү жана Идрис Кадыркулов басмакана куруу боюнча жумушчу топтун мүчөсү катары тааныш болушкан. Кадыркуловго чейин компания өкүлдөрү Мамкаттоонун жетекчилери менен жолугушуу уюштурууну Момбековдон суранышкан экен.

- «КБА НотаСис С.А.» компаниясынын өкүлү Михаил Полуяновду былтыр Сооронбай Жээнбеков да кабыл алган, - деди Момбеков. - Ал өзү өкмөт башчы болуп турган учурда Болсунбек Казаков, Жылдызбек Исакулов, Аалы Карашев жана мен фирманын жабыдыктарын көрүп келгенбиз. Булар бланк чыгарбайт, бланк даярдаган жабдык чыгарышат. Андыктан Алина Шаикова бул жерден башкача өңүттө маалымат берип, тескери жакка буруп жаткандай сезилет.

Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикова УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов менен эмне үчүн жолугушканын айтып чыккан. Шаикованын айтымында, Кадыркуловдун катышуусунда ал кайсы бир компаниянын өкүлдөрү менен 2018-жылы декабрь айында жолуккан. Анда мамлекеттик маанилүү документтерди даярдоо боюнча кызматташуу жөнүндө сүйлөшүү болгон.

Бирок УКМК Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчиси Алина Шаикованын билдирүүсү боюнча жооп берди. Атайын кызмат билдирүүдө «айтылгандар чындыкка дал келбейт» деп, муну жоопкерчиликтен качуу аракети катары баалады. Мекеме чындыгында Алина Шаикова жана Дастан Догоев менен УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов расмий эмес түрдө жолукканын ырастап, бирок мында эч кандай жеке кызыкчылык болбогонун белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG