Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Ошто мектеп окуучуларынын жол киреси 5 сомго көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мындай чечимди 14-майда Ош шаардык кеңеши сессиясында карап, кабыл алды. Мектеп окуучуларынын жол акысын 5 сомго көтөрүү боюнча даярдалган сунушка отурумга катышкан 34 депутаттын 23чү макул болуп добуш берген. Токтом чыккан күндөн тартып күчүнө кирет.

Окуучулардын маршруттук автоунаалардагы жол киресин беш сомго көтөрүү тууралуу шаар мэриясынын сунушун быйыл февраль айында Ош шаардык кеңеши четке каккан. Жол кирени 5 сомго көтөрүү тууралуу мэриянын сунушуна ата-энелер жана жарандык активисттер каршы чыккан.

Мэрия муну улам күчөп жаткан инфляциянын негизинде айдоочулардын нааразычылыгына чекит коюу жана балдардын коомдук транспорттон кеңири пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жаратуу менен негиздеген.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсатаровдун маалыматы боюнча, муниципалдык автобус, троллейбустарда балдар 2020-жылга чейин 1 сомдон эле төлөйт. Келерки жылдан тартып муниципалдык транспортто жүрүү мектеп окуучулары үчүн 3 сом болот.

Ош шаарында мектеп окуучуларынын жол акысы 1 сом болчу. (MdN)

XS
SM
MD
LG