Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

Ирандын тышкы иштер министри Делиге барды


Жавад Зариф.
Жавад Зариф.

Бул сапардын алдында Индия АКШнын санкциялары калыбына келтирилгенден кийин Ирандан мунай алууну токтотуп койгон.

Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Индияга аймактагы акыркы кырдаалды, эки тараптуу мамилелерди талкуулаш үчүн барганын айтты.

Кошмо Штаттар Тегеран менен түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимден былтыр чыгып, айрым санкцияларды кайра киргизген.

Индия - Кытай менен катар Ирандан мунай алган ири кардар. Жакында Вашингтондун администрациясы Ирандан мунай импорттогон өлкөлөргө берилген жеңилдиктерди алып салды.

XS
SM
MD
LG