Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:50

Абдрахманов: КСДПнын атынан жергиликтүү кеңешке эки депутат сунуш кылдым

Сагынбек Абдрахманов.
Сагынбек Абдрахманов.

Сагынбек Абдырахманов өзү төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) атынан эки адам жергиликтүү кеңешке депутат болуп барганын билдирди. Бул тууралуу Абдрахманов «Азаттык» радиосунун «Эки бир» көрсөтүүсүндөгү суроолорго жооп берип жатканда айтты:

- Фракциялар менен акылдашып, кеңешип, Ош шаарына жана Жалал-Абадга эки депутат менин колум коюлган кагаздын негизинде барды. Борбордук шайлоо комиссиясы менен да иштешип жатабыз.

«Азаттык» ал депутаттардын аты-жөнү ким экенин тактоого аракет кылып жатат.

Абдрахманов мурда «Атамбаевсиз КСДП» кыймылын жетектеген. Юстиция министрлиги Атамбаев төрагалык кылган КСДПнын төрагасы катары Сагынбек Абдрахмановду 18-апрелде каттаган жана партиянын дареги да өзгөртүлгөн. Ал эми экс-президент Атамбаев жана анын тарапташтары муну мыйзамсыз чечим деп жатышат. 

Юстиция министрлигинин чечими чыкканы менен Сагынбек Абдрахманов мөөрдү Алмазбек Атамбаев башкарып жаткан партиядан ала элек. (SE)

XS
SM
MD
LG