Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Кара-Көлдө ички аскер кызматкеринин өлүмү иликтенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Көл шаарында асынып алганы айтылган ички аскер кызматкеринин өлүмү иликтенип жатат. 

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлагандай, Ички иштер министрлигинин ички аскер бөлүгүнүн 38 жаштагы кызматкери 13-майда убактылуу жашап жаткан үйүндө асынган абалда табылган. 

Бул окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «өз өмүрүнө кол салуу» фактысы катары катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. (SE)

 

XS
SM
MD
LG