АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Вашингтон менен Москванын ортосунда бир катар пикир келишпестиктер бар экенин, бирок 14-майдагы сүйлөшүүлөр эки тараптуу алакаларды жакшыртууга карай жасалган кадам экенин белгилешти. Бул тууралуу алар Кара деңиздин боюндагы Сочи шаарында өткөн жолугушуудан кийинки биргелешкен басма сөз жыйынында билдиришти.
Помпео менен Лавров экөө бир катар маселелерди, анын ичинде өзөктүк куралдан арылууну, Иран менен болгон өзөктүк келишимди, Тегерандын аймактагы аракеттерин, Венесуэладагы кырдаалды жана башка эл аралык маселелерди талкуулашканын кошумчалашты.
- Биз эки тараптуу алакалар боюнча кеңири сүйлөштүк, Венесуэладагы, Сириядагы кырдаал боюнча пикир алмаштык, - деген Лавров Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн келишим тууралуу да сөз болгонун айтты.
Помпео өз сөзүндө Орусияны Венесуэланын президенти Николас Мадурого колдоо көрсөтүүнү токтотууга чакырганын, бирок Москва андан баш тартканын билдирди:
- Мадурого убактысы келди, ал Венесуэла элине запкы гана алып келди жана Орусия тараптан Мадурого көрсөтүлгөн колдоо токтойт деген үмүттөбүз.
Мамкатчы ошондой эле алар АКШнын ички иштерине Орусиянын кийлигишүүсүн талкуулашканын жана ал орус тышкы иштер министрине «АКШдагы шайлоого кийлигишүүгө жол берилбей тургандыгын» айтканын кошумчалады.