Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

Идрис Кадыркулов кызматтан кетти


Идрис Кадыркулов.
Идрис Кадыркулов.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркуловду өзүнүн берген арызына ылайык кызматтан бошотуу жөнүндө буйрукка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 15-майда кол койду. Бул тууралуу президенттик аппарат маалымдады.

Мурдараак УКМКнын басма сөз кызматы бул боюнча маалымат таратып, анда жетекчиси Идрис Кадыркулов биометрикалык паспорттун бланк чырына байланыштуу кызматтан кетүүгө арыз бергенин кабарлаган.

Маалыматта УКМК төрагасынын «УКМКда Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилеринин мыйзамсыз иштери тууралуу жетиштүү далилдер бар деген маалыматтар бир нече ирет кабарланган. Ага карабай, бул маселе коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Ушундан улам түзүлгөн кырдаалды эске алып, менин тергөө иштерине кийлигишүү мүмкүнчүлүгүм жөнүндө пикирлерди четке кагыш үчүн мен УКМКнын жетекчилигинен баш тартууну чечтим. Бул боюнча президентке - Башкы командачыга арыз бердим» деген сөзү жазылган.

Идрис Кадыркулов УКМКнын жетекчиси болуп 2018-жылы 20-апрелде дайындалган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG