Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев ишти баштабай туруп өзүнө ири суммада айлык чегерген «КТ Мобайл» ишканасы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуш кылды. Эл өкүлүнүн айтымында, парламент бул маселеге көңүл буруп, компаниянын артында ким турганын, анын максатын иликтеп чыгышы керек.
- Эмне үчүн бир ишкана дагы бир ишканадан жөн эле жерден 345 млн. сом алышы керек? - деп суроо койду ал. - Сөзсүз комиссия түзүп, текшеришибиз керек. «КТ Мобайлдын» артында кимдер турат? Биздин угушубузга караганда өкмөт башчынын жакын туугандары, анын балдары, бажалары деген сөздөр чыгып жатат. Ошонун баарын териштирип коюшубуз керек.
Ушул эле маселени «КСДП фракциясынын мүчөсү, депутат Рыскелди Момбеков да көтөрдү. Ал буга чейин «Кыргызтелекомдогу» кыңыр иштерди айтып чыкканда, эч ким көңүл бурбай койгонун айтты. Ошол эле кезде өкмөттү «КТ Мобайл» жетекчилеринин айлык акысы боюнча маалыматка реакция кылган жок деп сындады.
«КТ Мобайл» «Кыргызтелекомго» караштуу ишкана. Ал «Мегаком» брендин алып жүргөн «Альфа Телеком» менен жарым жылдай мурдараак келишим түзгөн. Ага ылайык «Мегаком» өнөктөшүнө 345 миллион сом төлөп бермек. Кийин эки компаниянын ортосунда келишпестик пайда болгону ачыкка чыккан.
Көп өтпөй Интернетке «КТ Мобайлдын» директору Нурбек Мукамбетов 350 миң, орун басары Эрназар Рысалиев 300 миң, техникалык директор Николай Дмитриенко 290 миң, долбоордун башчысы 140 миң сом айлык алары тууралуу маалымат тараган. Компаниянын жетекчисинин орун басары Эрназар Рысалиев бул маалыматты чете кагып, ишканада эң жогорку айлык 157 миң сом, эң төмөнкү айлык 18 миң сом экенин 14-майдагы басма сөз жыйынында билдирген. (КЕ)
Кененирээк маалымат: Келишимдеги келишпестиктердин төркүнү