Татарстандын борбору Казан шаарында 15-16-май күндөрү жарандардын эмгек укуктарын коргоо маселеси боюнча координациялык кеңештин отуруму өтүп жатат. Отурумга Кыргызстандын акыйкатчысы Токон Мамытов да катышууда. Ал жыйында кыргызстандык мигранттардын маселесин көтөрмөкчү. Бул тууралуу «Азаттыкка» Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы маалымдады.
Ал мындан тышкары Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова, Якутиянын акыйкатчысы Сардана Гурьева менен жолугушат. Анда ал кыргыз эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү маселелерди көтөрөт. Мындан тышкары, соттолуп, Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын, балдар борборлорунда тарбияланып жаткан жашы жетпеген балдардын тагдырын да талкуулайт.
Акыйкатчыкыргызстандык мигранттардын эмгек акысын төлөөнүн кечеңдеп жаткан учурлар менен кошо башка да маселелерди сүйлөшүп, Орусиянын бардык облустарындагы адам укугун коргоочу өкүлдөр менен кызматташуу жаатында пикир алышат.
Буга чейин Кыргызстандын акыйкатчысы Орусиянын кыргыз мигранттар арбын иштеген аймактарына ыйгарым укуктагы өкүлдөрүн дайындаган.(ZKo)