Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Мамэкотехинспекция Жалал-Абад шаарындагы сквердин курулушун токтотууну тапшырды


Сквер курулуп жаткан жер. Жалал-Абад шаары. Май, 2019-жыл.
Сквер курулуп жаткан жер. Жалал-Абад шаары. Май, 2019-жыл.

Шаардын Бекмамат Осмонов көчөсүндө курулуп жаткан жаңы сквердин курулушун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын (Мамэкотехинспекция) Сузак райондук жана Жалал-Абад шаардык аймак аралык башкармалыгы токтотууну табыштады. Бул тууралуу башкармалыктын энергетикалык коопсуздук боюнча башкы инспектору Замир Давлеталиев «Азаттыкка» билдирди.

- «​Курулуп жаткан жаңы сейил бак энергетикалык коопсуздук эрежелерине туура келбейт» деген негизде «Жалал-Абад электро» ишканасы бизге кат менен кайрылган. Текшерүү иштерин жүргүзүп, тиешелүү кемчиликтерди оңдогонго чейин курулушту токтотуу зарыл экенин шаар бийлигине билдирдик. Азырынча алардан бизге жооп келе элек, - деди Давлеталиев.

«Жалал-Абад электр» ишканасынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, курулуп жаткан сквердин үстүнөн «Жалал-Абад - Таш-Булак», «Жалал-Абад - Ключевой» багытындагы 35 кВт чыңалуудагы аба чубалгылары өткөн. Ал жерге талап боюнча курулуш курганга, жөө адамдар басып эс алуучу жайларды курууга тыюу салынган. Ишкана бул багытта тийиштүү тараптарга билдирүү берген.

Шаардын башкы архитектору Бакыт Байжигитов алгачкы долбоор өзгөртүлүп, фонтан курулбай, бийик дарактар көзөмөлгө алынып, отургучтар аба чубалгыларынан алыс жайгаша тургандыгын билдирди. Анын айтымында, долбоор даярдалып жатканда бардык тараптардан курулушка макулдук алынган.

Учурда Достук аймактык башкармалыгындагы 3 млн. сомдук жаңы сквердин курулуш иштери жүрүп жатат. (RsK)

XS
SM
MD
LG