15-май - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын иш үстүндө каза болгон кызматкерлерин эскерүү күнүнө карата Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кызмат учурунда каза болгон кесиптештерин эскерип, алардын жакындарына моралдык жана материалдык жардам көрсөттү.
Быйылкы эскерүүдө каза болгон милиция кызматкерлеринин элесине арналган спорттук иш-чаралар уюштурулуп, алардын үй-бүлөлөрүнө материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Баткен облусунун аймагында жалпысынан өз милдетин аткарып жатып 18 милиция кызматкери курман болгон. (JsA)