Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:12

«Фейсбук» түз көрсөтүүлөрдү чектейт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбук» Жаңы Зеландиядагы мечитте болгон теракт тартылган видеодон кийин өз платформасынан түз алып көрсөтүүлөрдү чектеди.

Компаниянын жогорку расмий өкүлү Ги Розен 15-майда билдиргендей, Крайстчөрч шаарындагы чабуул жек көрүүнү жайылтууга каршы чара көрүүгө түрткү болду.

Розен ««Фейсбукту» колдонуу эрежелерин бузгандар түз көрсөтүү кызматынан пайдалана алышпайт», - деп белгиледи.

15-мартта ак расанын үстөмдүгүн жактаганын айткан адам Крайстчөрч шаарындагы эки мечитте 51 кишини атып кеткен. Ал бейкүнөө адамдарды өлтүрүп жатканын башына тагып алган камерадан социалдык тармак аркылуу түз көрсөткөн.

Айрым колдонуучулар анын видеосун социалдык түйүндө бөлүшүүгө үлгүрүшкөн. Окуядан кийин «Фейсбук» зомбулукту жайылтууга жол бергени үчүн катуу сынга кабылган.

Бул окуядан кийин компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг социалдык тармактагы ак расанын үстөмдүгүн жактаган көз караштарга, экстремисттик билдирүүлөргө тыюу саларын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG