Тажикстандыктар Интернет жай иштеп жатканына көптөн бери даттанып келатышат. Жакында президент Интернеттин кызматына бааны көтөрүү тууралуу Монополияга каршы агенттиктин буйругун жокко чыгарган.
Өлкөдө социалдык түйүндөргө, «Google», «YouTube» өңдүү кызматтарга жана ондогон веб-сайттарга кирүү кыйын болуп жатканы кабарланууда.
Интернеттеги ресурстарга убактылуу тосмо коюу дээрлик ай сайын кездешүүдө. Айрым эксперттер муну менен бийлик маалыматты чектөөгө карата жарандардын реакциясын байкап көргүсү келет деп эсептешет.
Эмки жылы Тажикстанда президенттик шайлоо өтөт. Байланыш кызматы бийлик ресурстарга тосмо койбогонун, хакерлер интернет-трафикти көзөмөлдөгөн борборго такай чабуул коюп келишкенин билдирүүдө.
Бир нече күн мурун Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун маалымат каражаттары боюнча өкүлү Арлем Дезир кошуна өлкөнүн бийлигин жарандардын социалдык тармактарга, мессенжерлерге жана маалымат порталдарына чектөөсүз кирүүсүн камсыз кылууга үндөдү.