Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Мектептерге электрондук кезекке туруунун экинчи айлампасы башталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке баланы электрондук кезекке тургузуунун экинчи айлампасы 16-майда башталарын билдирди.

Жеткинчектерди 1-класска бериш үчүн түзүлгөн онлайн кезектин биринчиси 15-февралда башталып, үч айда 8465 бала катталды.

Биринчи айлампада микроучасткаларга арыздар кабыл алынса, 16-майдан 15-августка чейин микроучасткалардан тышкары мектептерге арыздар алынат.

«Мектепке электрондук кезек» долбоору 6-7 жашка толгон балдарды мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мекемелерге окууга киргизүүнү жеңилдетүү максатында ишке ашырылууда.

Ата-энелер каалаган учурда компьютерден же смартфондон mektep.edu.gov.kg сайтына кирип, арыз калтырса болот.

XS
SM
MD
LG