Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Кыргыз өкмөтү «Гарсу Пасаулис» менен маселени тынч жөнгө салгысы келет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү электрондук паспорт даярдоо боюнча тендерде жеңип чыккан литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы менен чырды тынч жол менен жөнгө салууну көздөйт.

Өкмөттүн Соттук өкүлчүлүк борборунун маалыматына караганда, жагдай сүйлөшүү аркылуу чечилбесе, компания арбитражга кайрылышы мүмкүн экенин билдирген.

- Сүйлөшүүлөр ийгиликсиз өтсө, анда компания тийиштүү арбитраждык териштирүү боюнча демилге көтөрүү укугун өзүндө калтырат, - деди өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгул уулу.

«Гарсу Пасаулис» компаниясы өз кызыкчылыгын коргоп, кыргыз өкмөтүнө каршы эл аралык арбитражга кайрылуу ниети бар экенин 15-майда маалымдаган эле.

Өздүк булактардын кабарына ылайык, литвалык компания кыргыз өкмөтүнөн түздөн-түз алынбай калган киреше боюнча 12 млн. евро, ал эми ишкердик аброюна шек келтирилгени үчүн 50 млн. евро доолаганы турат.

Кыргызстанда биометрикалык же электрондук жалпы жарандык паспортторду даярдоого 2018-жылы баасы 1 миллиард 263 миллион сомдук тендер жарыяланган. Тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы утту деп табылган. Бирок бул компаниядан баасын арзан көрсөткөн германиялык «Muhlbauer ID Services» жана франциялык «DEMIA France» компаниялары нааразы болуп чыгышкан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерди литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган. Натыйжада 17-апрелде Мамлекеттик каттоо кызматы биометрикалык паспорт бланкын даярдоо боюнча сынакты өткөн жок деп табылганы тууралуу маалымат тараткан.

Тендер өткөрүүгө түздөн-түз тиешеси бар киши катары жалпысынан 15 адамдын аты-жөнү аталган. Алардын арасында Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) мурдагы жетекчиси Алина Шаикова, орун басарлары Руслан Сарыбаев, Айнура Туйбаева, статс-катчы Данияр Бакчиев, Мамкаттоонун мурунку төрагасы, президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясынын Кыргызстандагы өкүлдөрү жана журналист Анна Капушенко бар.

XS
SM
MD
LG