Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Премьер-министр: «КТ Мобайлдын» директорунун орун басары иштен кетиши керек


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргыз өкмөтү «Ачык өкмөт» эл аралык уюмунун катчылыгынын жетекчиси Иманкадыр Рысалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бажасы экендигин ырастайт. Бул тууралуу өкмөт башчынын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев билдирди.

- Бирок Рысалиевдин уулу Эрназар «КТ Мобайл» компаниясынын директорунун орун басары экендигин Абылгазиев ушул кезге чейин билген эмес. Бул жагдайда өкмөт башчы, ал (Эрназар) кызматтан кетиши керек деп эсептейт, - деди ал.

«КТ Мобайл» 2003-жылы «Кыргызтелекомдун» карамагында негизделген. Каржы тартыштыгынан улам иштеп кете алган эмес. Дагы бир мамлекеттик компания - «Альфа-Телеком» жыштыкты бирге пайдалануу шарты менен «КТ Мобайл» компаниясын 345 млн. сомго каржылаган. Бирок кийин «Альфа-Телеком» укуктук маселелердин чыгышына байланыштуу былтыр «КТ Мобайл» менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууга ниеттенип жатканын жарыялаган.

Парламенттин 15-майдагы жыйынында бир мамлекеттик компаниянын эсебинен экинчи бир мамлекеттик мобилдик байланыш операторун ачуу долбоорунун артында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин туугандары турганы тууралуу кеп козголуп, бул жагдайга баа берүү маселеси көтөрүлгөн.

Андан тышкары «КТ Мобайл» компаниясынын кызматкерлеринин ири өлчөмдөгү маянасы тууралуу да маалымат чыккан. Адилет Султаналиевдин айтымында, Абылгазиев айлык өлчөмүнө байланышкан маселени да текшерүүнү тапшырды.

XS
SM
MD
LG