Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:57

Украина Орусияга каршы экономикалык санкцияларды кеңейтти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Украина өлкөгө киргизүүгө тыюу салынган орус товарларынын тизмесин кеңейтти. Министрлер кабинети кабыл алган чечимге ылайык, тизмеге цемент жана жыгачтан жасалаган ар кандай материалдар, айыл чарба өндүрүмү, транспорт каражаттары киргизилди.

- Бул чектөөлөр биздин мамлекеттин капиталынын агрессор-мамлекеттин пайдасына тышка агылышына чектөө киргизүүгө мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле ата мекендик өндүрүштү өнүктүрүүгө, жаңы жумушчу орундарды негиздөөгө шарт түзөт, - деди 15-майда экономикалык өнүгүү министри Степан Кубив.

Ошондой эле украин өкмөтү 1-августтан тартып Орусиядан алынып келген товарларга атайын салыктарды салат. Буга чейин, 18-апрелде Москва Киевге орус мунайын экспорттого тыюу салган жана украиналык товарлардын айрымдарына чектөө киргизген. Бул чаралар Украинанын кадамына жооп чара катары кабыл алынган. Киев 10-апрелде орус товарларына санкция жарыялаган.

XS
SM
MD
LG