Баткен облусунун аймагында билим берүү кызматкерлери менен өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү катышкан атайын кеңешме уюштурулду. Жыйында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга тоскоолдук кылган жагдайлар жана чечүүгө боло турган маселелер эркин форматта талкууланды.
Кеңешмеде билим берүү тармагы өлкөнү өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыты болгондуктан, өлкө казынасынан бул тармакты жакшыртууга каражат бөлүнүп жатканы менен билимдин сапаты жетишээрлик эмес экени белгиленди. Эң негизгиси баланы тарбиялоодо жана мыкты билим берүүдө ата-энелердин ролу айтылып, учурда ата-энелерди мектеп менен байланыштыруу кыйын болуп жатканын жана миграция агымы да буга таасир этип жатканы сөз болду.
Учур талап кылган жаңы ыкмаларды колдонуу аркылуу ата-энелерди балдарынын окуусуна кызыктырыш үчүн «Электрондук күндөлүк» долбоорун киргизүү боюнча Кадамжайдагы лицейдин аракети эксперимент катары киргизилди.
Облуста 244 мектеп бар, анын алтоо, 179 бала бакчанын жыйырмасы жеке менчик. Учурда облуста жалпы 7258 мугалим эмгектенсе, дагы 227 мугалим жетишпейт. (JsA)