Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

ӨКМ: Өрттөнгөн мунай базасында коопсуздук эрежелери толук сакталган эмес


Күйүп жаткан мунай базасы. Жалал-Абад шаары. 10-май, 2019-жыл.
Күйүп жаткан мунай базасы. Жалал-Абад шаары. 10-май, 2019-жыл.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү базада 10-майда чыккан өрт боюнча айрым фактыларды аныктады. Министрлик тараткан маалыматта мунай базасында өрт коопсуздук эрежелери толук сакталбаганы белгиленет. Заводдун аймагында төрт даана өрттүк гидранттын экөөнөн гана суу алуу иштери жүргүзүлдү. Насостор тиешелүү басымды толук камсыз кыла алган жок.

Ишканадагы АЦ-30 53А үлгүсүндөгү өрт өчүрүүчү автоунаа иштебейт жана кароосуз калган. Өрт өчүрүү учурунда заводдо көбүртүүчү заттын запасы болгон эмес. Талапка ылайык эки эсе арбын көбүртүүчү зат, тактап айтканда 9 тонна көбүк болушу керек эле. Эрежеге ылайык, цистерналардын тегерегинде жер тосмолору жок болуп чыкты. Анын айынан өрттү өз убагында өчүрүүгө мүмкүн болбой, 14 саатта гана басылган.

Кырсык учурунда денесинен 50% күйүк алган адамдын абалы туруктуу жана ооруканада дарыланууда. Экинчи өрт өчүрүүчү кызматкер болсо бейтапканадан жардам алган соң үйүнө чыккан.

«Кыргыз-Өзбек-Азербайжан» жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык мунайды кайра иштетүүчү ишкана өрттүн кесепетинен болжол менен 65 млн. сомдук чыгымга учураганын билдирген. Мунайды кайра иштетүүдөн алынган даяр өндүрүм, бир цистернадагы дизел күйгөн. Андан сырткары МАН үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган автоунаа да өрттөнгөн. Көк-Арт кичирайонундагы мунайды кайра иштетүүчү ишканада 10-май күнкү өрт дээрлик күнү бою уланып, жакын жерде жашаган 2 миңдей адам коопсуз жайга чыгарылган. Алар кечке жуук гана үйлөрүнө кайтышкан. Жалынды өчүрүүгө Жалал-Абад жана Ош шаарларынан биригип 10дон ашык бригада жана 550гө чукул кызматкер тартылган. (RsK)

XS
SM
MD
LG