Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:14

Салянова: Батукаевдин бошотулганын ал өлкөдөн кеткенден кийин гана билгем


Аида Салянова.
Аида Салянова.

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова Азиз Батукаевдин түрмөдөн бошотулушу боюнча «Азаттыктын» суроолоруна жооп берди. Ал Батукаевди абактан бошотууда мыйзам жагынан мүчүлүштүк кетпегенин белгиледи. Аида Салянова кримтөбөл абактан бошоп, өлкөдөн чыгып кеткенге чейин маалыматы болбогонун айтты:

- Прокурорлор дарыгер болбогондон кийин барып анализ алып, текшербейт да. Эгерде корутунду турса, ага Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы ишенип жатса... Прокурорлордун талабы менен да комиссия болгонун мага айтышты. Ушул маселелердин баары айтылгандан кийин Батукаев маселеси парламентте каралганда мен «прокурорлордун иш-аракети мыйзамдуу болгон» деген элем. Башында кандай айтсам азыр деле оюм өзгөргөн жок. Тергөө жаңы эле башталды. Эгер чынында эле ушундай жасалма болсо, бул үч уктасам да түшүмө кирмек эмес. Ушунча адамдарды садага чаап, чын эле атайын операция болуп, дарыгерлер анын курмандыгына айланса - муну уюштургандар жоопко тартылышы керек... Батукаев мыйзамдуу чыгып кеттиби, мыйзамсыз чыгып кеттиби - менин эч тиешем жок. Кандай чыгып кеткенде дагы, мен прокурорлордун иш-аракети мыйзамдуу деп, башкасын эмес, аларды жактаганга аракет кылгам.

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя парламентте кызуу талкууланып, депутаттык комиссия түзүлгөн. Аида Салянова ошол учурда башкы прокурор болуп турган.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында мурдагы саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана төрт дарыгер кармалган. Эки дарыгер кайрадан үй камагына чыгарылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG