Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:44

Батукаевдин иши экс-министрди каматты


Динара Сагынбаева.
Динара Сагынбаева.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) башчысынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча камакка алынды.

15-майда кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан бошотулушу боюнча мурдагы саламаттык сактоо министри жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси камакка алынганы маалым болду.

Ички иштер министрлиги сайты аркылуу экс-министр Динара Сагынбаева жана экс-кеңешчи Калыбек Качкыналиев Батукаевдин ишиндеги коррупцияга, документ жасалмалоого, кызматтык жасалма иштерге тиешеси бар деп шек саналып жатканын кабарлады.

Буга чейин Азиз Батукаевдин иши боюнча тергөөнүн алкагында төрт дарыгер кармалып, экөө тергөө менен кызматташарын билдирген тилкаттын негизинде үй камагына чыгарылган.

Коомчулукта Батукаевдин бошотулушуна дарыгерлерден мурда бир топ кызмат адамдары жоопко тартылышы керек экени айтылууда.

Алардын арасында мурдагы ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин, ошол кезде акыйкатчынын милдетин аткарган Турсунбек Акундун, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын аты да аталууда.

Аида Салянова: Батукаевдин бошогонуна тиешем жок

Салянова: Батукаевдин бошогонуна тиешем жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:33 0:00

Турсунбек Акун буга чейин «Азаттык» радиосунун «Арай көз чарай» талкуусуна катышкан учурда Азиз Батукаевге дарыгерлер койгон диагнозго ишенип, анын таламын талашканына өкүнөрүн билдирген.

«Ошол дарыгерлер койгон диагнозго ишенбей, кайра аны текшерип чыгууну талап кылсам болмок экен. «“Мыйзамдагы уурунун” отура турган дагы сегиз жылы бар, муну дароо чыгарып жиберүүгө болбойт» дешим керек эле. Азыр убагында анын укугун коргоп чыкканыма өкүнөмүн», - деген Акун.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Туратбек Мадылбеков иш калыс тергелсе, ошол кезде жогорку кызматта отурган бир топ жооптуу адам жоопко тартылат деген оюн айтты:

«Бул иш жакшы тергелсе, башкы прокурор баш болгон эки-үч киши, ЖАМКтын жетекчиси баш болгон үч-төрт киши жана саламаттык сактоо министри - бардыгы жоопко тартылышы керек деп ойлойм. Ишти президент, Жогорку Кеңеш көзөмөлгө алса, булардын баары жооп берет деген ишеним бар».

Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков кримтөбөлдүн абактан бошотулганын азыркы жана мурдагы бийликтин гана тиреши катары мүнөздөйт. Ал дагы эки-үч кызмат адамы камалышы ыктымал деген пикирде.

«Укук коргоо органдарынын, Коопсуздук кызматынын жетекчилери, ошол кездеги өкмөт мүчөлөрү - баары жооп бериши керек, - деди ал. - Эң көрүнүктүү кримтөбөлдү өлкөдөн чыгарыш үчүн бир күн ичинде паспорт жасалган, дарыгерлердин баары чуркап диагноз койгон, атайын кызматтын өкүлдөрү аны узаткан, сот бир күн ичинде чечим чыгарган. Баары мыйзамдуулукту бузууга келгенде сааттай иштеген. Азыр Батукаевдин маселеси мурдагы бийликтен өч алууга жакшы курал болууда. Менимче мурдагы өкмөттөн үч-төрт министр, тиешелүү кызмат адамдары камала турган болуп калды».

​16-майда Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Ирина Карамушкина Кыргызстандын түрмөлөрүнөн Батукаев сыяктуу эле кылмыш тобунун бир канча мүчөсү чыгып кеткенин, аларга байланыштуу эч ким тергөө-иликтөө жүргүзбөгөнүн айтты:

Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

«Азыр гумандуулук боюнча мыйзамдарды кабыл алып жатабыз. Динара Сагынбаеванын кармалышы гумандуулукка жатпайт. Ал Улуттук госпиталдын жетекчиси. Тергөө чындыкты таап, ким буюртма бергенин аныктайт деп ишенем. Жети жыл мурда болгон окуя, эми «Батукаев өлгөн жок» деп анын артынан түшүп жатышат. Сиздер билесиздерби, Кыргызстандан канчалаган кылмыштуу топтун мүчөлөрү чыгып кетип жатат. Ким кандай негизде бошотулганын эч ким териштирген жери жок. Аял депутат катары Сагынбаеванын бөгөт чарасын карап, тилкат менен чыгаруу тууралуу кайрылам».

Оор кылмыштар үчүн соттолгон Азиз Батукаев Нарын шаардык сотунун чечими менен 2013-жылы апрелде «айыккыс ооруга чалдыкты» деген негизде бошотулган жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген. Ал ошол эле күнү Чеченстанга учуп кеткен. Бул окуя боюнча түзүлгөн депутаттык жана медициналык комиссия Азиза Батукаевге коюлган диагноз жалган экенин аныктаган. Бирок иш аягына чейин териштирилбей калган.

Быйыл 17-апрелде башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин суроосуна жооп берип жатып Батукаевдин иши боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатканын билдирген. ИИМдин маалыматына караганда Башкы прокуратура Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган ишти териштирүүнү министрликтин тергөө кызматына тапшырган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG