Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-майда Балыкчы шаарына барып «Акылдуу шаар» жана башка инновациялык долбоорлор менен таанышат. Андан тышкары айрым орто мектептерге да баш багарын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандагы кичи шаарлардын ичинде Балыкчынын жолдоруна камералар орнотулуп, иштеп жатканы расмий кабарланган. Бул калаага 14-майда 26 жаштагы Марат Кудайбергенов мэр болуп шайланды.
Президент Сооронбай Жээнбековдун Ысык-Көл облусундагы эки күндүк иш сапары 16-майда башталган.