Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеев 16-майда Аскердик прокуратурага күбө катары сурак берип чыкты. Ал чакыруу кагазы кечке жуук келгенин өзү «Азаттыкка» билдирип, «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча сурак бергенин айтты:
- Мен сурактын чоо-жайын ашкере кылбоо тууралуу тилкат бердим, ошондуктан кандай суроолор болгонун айтып бере албайм.
Мусакеев өзүнө байланыштуу иш сотто калыс чечим табарына үмүт артып жатканын кошумчалады.
16-майда Свердлов райондук сотунда аскер прокурору Мусакеевди беш жылга кесүүнү жана 70 миң айып өндүрүүнү суранган. Кийинки отурум 23-майда болот.
8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ошондой эле Интернетте «Мусакеевдин байлыгы» деп жарыяланган кыймылсыз мүлк 2010-2017-жылдары сатылып алынып, анын ата-энесине, тууганына катталганын, жалпы наркы 20 миллион сомдон ашарын билдирген. (SE)
Дамир Мусакеев менен маекти бул жерден угуңуз: