Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:21

Кыргызстанда ВИЧ инфекциялуу адамдардын саны 9010го жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу 19-май ВИЧ-СПИДден каза болгондорду эскерүүнүн эл аралык күнүнө карай Кыргызстандын СПИД борбору тараткан маалыматта айтылган.

Ага ылайык, 1-апрелге карата жалпы өлкөдө ВИЧ позитивдүү адамдардын саны 9010 болсо, анын ичинен 8526 адам Кыргызстандын жараны. 1952 адам бул илдеттен көз жумган.

Республикалык СПИД борборунун жетекчиси Үмүткан Чокморова өлкөдөгү ВИЧ позитивдүү адамдарды убагынан кечиктирбей дарыланганы бул оорудан каза тапкандардын санын азайтат деп эсептейт:

"Бул оорудан айыктыруучу дары жок. Бирок өлүмгө жеткирбей тургандай дарылоонун ыкмалары бар. Ошондуктан, биз бул ооруга чалдыккандардын баарына кайрылып, дарыланууну кечиктирбей башташын өтүнөм. Азырынча бизде бекер дарылануу мүмкүнчүлүгү бар кезде, аны колдон чыгарбай, жашоону улантуу керек", -деди Үмүткан Чокморова.

ВИЧ-СПИД илдетинен жалпы дүйнө жүзү боюнча 35,4 млн. адам каза тапкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG