"Республика - Ата-Журт" фракциясынын мүчөсү Мирлан Жээнчороев "КТ Мобайл" боюнча депутаттык комиссиянын отурумунда "Мегакомдун" жетекчиси Акылбек Жамангуловдун Иманкадыр Рысалиев тууралуу айтканы боюнча кылмыш ишин козгоону башкы прокурордон талап кылды:
"Иманкадыр Рысалиевге коркутуу жана мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктарын өзүнө ыйгарып алганы боюнча иш козгоңуз", - деди Жээнчороев.
Парламентте “КТ Мобайл” чатагы боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын алгачкы жыйыны башталды. Ага “Кыргызтелеком”, “Мегаком”, “КТ Мобайлдын” жетекчилери катышууда.(KJ/ZKo)