Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 14-15-май күндөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдары Ноокен районунда Нарын дарыясынын жээгиндеги жайгашкан “Бачок” участкасында суу астында текшерүү иштерин жүргүзүштү.
Натыйжада суу астында адам өмүрүнө коркунуч жараткан темир-тезек, таштанды жана узундугу бир метр келген балырлар бар экени аныкталып, бул жайда сууга түшкөнгө тыюу салды.
- “Бачок” участкасы сууга түшүүгө ыңгайлуу эмес жана жарандарга коркунуч туудурат. Сууга түшкөнгө болбойт, жарандар чөгүп кетиши мүмкүн, - деди суучулдар кызматынын башчысы Урмат Шамырканов.
Акыркы беш жыл аралыгында бул жерден үч адам сууга чөгүп каза болгон. Суучулдардын текшерүүсү башка жайларда да уланып жатат.
Былтыр Кыргызстанда 134 адам сууга чөгүп каза болгон. Булардын ичинен Чүй, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарында кырсык көп катталган. Каза тапкан 80 адам жай мезгилинде чөккөн. (RsK)