Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

"Альфанын" кызматкерлери ок атуу боюнча таймашты


Таймаштагы тапанча атуу учуру. Бишкек ш. 16-май, 2019-жыл.
Таймаштагы тапанча атуу учуру. Бишкек ш. 16-май, 2019-жыл.

КМШ өлкөлөрүндөгү "Альфа" атайын тобунун кызматкерлеринин таймашы Бишкек шаарындагы Ички иштер министрлигине караштуу «Динамо» спорт комплексинде 16-май күнү өттү. Алар таамай ок атуу боюнча мелдешти.

Мелдеш кызматтык милдетин аткарууда курман болгон офицерлердин элесине арналып, генерал Артур Медетбеков башында турган «Альфа-антитеррор» коомдук бирикмеси тарабынан өткөрүлдү.

Ага «Альфа» атайын даярдыктагы тобунун ардагерлери Орусия, Казакстан, Беларустан келсе, Кыргызстандан Улуттук коопсуздук кызматынын 9-башкармалыгынын, Ички иштер министрлигинин жана «Альфанын» кызматкерлери катышып, ар кандай аралыкка атууда кимиси мыкты экенин билүү үчүн күч сынашты.

Жыйынтыгында, командалык эсепте 1-орунду Беларус, 2-орунду Кыргызстандын милиция кызматкерлери, 3-орунду «Альфанын» ардагерлери алды. (JJ)

XS
SM
MD
LG