Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Москва менен Амстердам “Арктик Санрайз" кемеси боюнча талашты жөнгө салды


“Арктик Санрайз" кемеси, 2014-жыл
“Арктик Санрайз" кемеси, 2014-жыл

Орусия менен Нидерланддар 2013-жылы “Гринпис” экологиялык уюмунун кемесин басып алуу боюнча узак убактан берки талашка чекит койду. 17-майда жарыяланган билдирүүдө Нидерланддын желеги менен келе жаткан “Арктик Санрайз" кемесине келтирилген чыгым үчүн Москва 2,7 миллион евро төлөп бере турганы көрсөтүлгөн.

“Орусия Федерациясы жана Нидерланддар бири бирине койгон доону толук жөнгө салды” деп айтылат эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери тараткан биргелешкен билдирүүдө.

"Гринпис" экологиялык уюмунун 30 активисти 2013-жылдын 19-сентябрында “Газпромдун” Арктикада мунай өндүрүү аракетине каршы нааразылык акциясы учурунда орус чек арачылары тарабынан кармалган. Алар алгач "каракчылык", андан соң "ээнбаштык" боюнча күнөөлөнгөн.

Орусия кемени 2014-жылы өткөрүп берген, бирок “Гринпис” кемеге зыян келгенин айткан.

XS
SM
MD
LG