Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Памирлик кыргыздардын маселеси талкууланды


Чыңгыз Айдарбеков жана Салахуддин Раббани
Чыңгыз Айдарбеков жана Салахуддин Раббани

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков ооганстандык кесиптеши Салахуддин Раббани менен памирлик кыргыздардын маселесин талкуулады. Бул тууралуу тышкы саясат мекемесинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта жолугушуу 17-майда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөнү, эки министр ал жакка аймактагы коопсуздук боюнча эл аралык конференцияга катышуу үчүн барганы айтылат.

“Жолугушууда Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарды колдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду” деп билдирди мекеме.

Раббани быйыл апрель айында Бишкекке келип кеткен.

2017-жылдан бери Нарында жашап жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары 2018-жылы Ооганстанга жөнөп кетишкен. Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 33ү 2017-жылы Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүш үчүн көчүрүлүп келген. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен. Айрымдары кыргыз бийлиги жер берип, шарт түзүлсө кайра кайтып келерин, болбосо Ооганстанда каларын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG